И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Билимди тажрыйба жүзүндө бекемдетүү
Билимди тажрыйба жүзүндө бекемдетүү
  • 27 Мар 2024
  • 368
  • 0

Билим деңгээлин жана тажрыйба жүзүндө окууну бекемдетүү үчүн 27-мартта 2-курстун студенттери “Манас” эл аралык аэропорт” ААКнун айланасында бир күндүк таанышуу сабагын өткөрүштү. Студенттер “Манас менеджмент компаниясы” ЖАК жүк ташуу терминалынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жүктү текшерүү жана каттоо процедураларына күбө болушту. Андан соң студенттерге мекеме боюнча кенен экскурсия өткөрүлдү. Мындай сабактар студенттердин теориялык билимин бекемдетип, окуу сабагын жакшы түшүнүүгө шыктандырат.