И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта футбол боюнча эл аралык турнир болуп өттү
Институтта футбол боюнча эл аралык турнир болуп өттү
  • 25 Мар 2024
  • 323
  • 0

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Ишембай Абдраимовдун 110 жылдыгына арналган футбол боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Аталган спорттук иш чарага Казахстан Республикасынын Кордай айылынын жана Чүй облусунун райондорунун 12 жашка чейинки спортчулар катышты.

 

Оюнчулар мыкты деңгээлде оюн тартуулашып, соңунда жеңүүчүлөр тандалды. Төртүнчү орунду “Колосок” футбол клубунун спортчулары ээлешти, үчүнчү орун Киргшелк айылынын оюнчуларына буюрду, экинчи орунду Беловодсктун спортчулары алып кетишти. Ал эми биринчи орунду Кордайдан келген коноктор жеңип алышты. Мындан сырткары турнирдин мыкты оюнчусу, мыкты коргоочусу, мыкты чабуулчусу жана мыкты дарбазачы тандалып, белектер тапшырылды.

 

Келген жаш спортчуларды оюндан сырткары институт менен тааныштырылып, музейге экскурсия уюштурулду.