И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Нооруз - жаздын жана кайра жаралуунун майрамы
Нооруз - жаздын жана кайра жаралуунун майрамы
  • 20 Мар 2024
  • 427
  • 0

Бүгүн, 20-мартта, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда эл аралык “Нооруз” майрамы белгиленди. Майрамдык иш чарага коноктор чакырылып, алардын арасында ардактуу ардагерлер да катышты.

 

Келген коноктор үчүн студенттер атайын концерттик программа тартуулап, улуттук бий, ыр жана “Кыз узатуу” салтын маныздуу аткарышты.

 

Өз кезегинде институттун директору Курманов Улан Эсембекович бүгүнкү күндүн өзгөчөлүгүн белгилеп кетти: “Бүгүнкү күн биз үчүн абдан маанилүү, анткени дал ушул күнү өлкөбүздүн алгачкы учкучтарынын бири, СССРнин эмгек сиңирген учкучу - Ишембай Абдраимов 110 жашка чыкмак, жана 2001 жылы ушул күнү аны акыркы сапарга узаттык. Абдраимов Ишембай Абдраимовичти ар дайым терең урматтоо менен эскерип, таазим кылабыз”.