И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИде Ишембай Абдраимовдун 110-жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү
КАИде Ишембай Абдраимовдун 110-жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү
  • 18 Мар 2024
  • 317
  • 0

15-мартта, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Ишембай Абдраимовдун 110-жылдыгына арналган  “И.Абдраимов – алгачкы учкуч” аталышындагы студенттик илимий-практикалык конференция өттү.

 

Кыргызстандын Жарандык авиациясын түптөгөн инсандардын бири, өлкөбүздүн  алгачкы учкучтарынын бири И. Абдраимовдун авиациянын өнүгүшүнө кошкон зор салымын жана жетишкендиктерин конференциянын баардык катышуучулары баса белгилешти. Өз учурунда легендарлуу учкуч менен чогуу иштешкен жарандык авиациянын ардагери Тлеухор Бошумова анын жөнөкөйлүгүн жана кесипкөйлүгүн айтып өттү.

 

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер Ишембай Абдраимовдун  өмүр баяны, басып өткөн жолун жана жарандык авиацияга кошкон салымы тууралуу докладтарды окушту.

 

Бул иш-чара ардактуу учкучка таазим кылуу гана эмес, жаштарды авиациядагы эрдиктерге жана жетишкендиктерге шыктандырып, анын мурасын улантууда мүмкүнчүлүк берет.