И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун студенттери Ю.Гагариндин 90-жылдыгына арналган иш чарага активдүү катышты
Институттун студенттери Ю.Гагариндин 90-жылдыгына арналган иш чарага активдүү катышты
  • 13 Мар 2024
  • 411
  • 0

11-мартта Б.Ельцын атындагы Кыргыз Россия Славян университетинде биринчи учкуч космонавт, Советтер союзунун баатыры Юрий Гагариндин 90-жылдыгына арналган көргөзмө болуп өттү.

 

Аталган иш чарага шаардык мектептердин окуучулары, аскердик ЖОЖдун студенттери жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары менен студенттери катышты. Көргөзмөдө конокторго космонавтиканын тарыхынан сүрөттөр жана буюмдар көрсөтүлдү.

 

Конокторго арналган концерттик программасына өз салымын кошуп КАИнин студенттери Динбаев Нурдавлет, Зельман Федор жана Абазова Аксезим ырларын аткарышты. Ал эми комонавтика жана ракетакурулуш лабораториясынын башчысы Дмитрий Бобылев космоско алгачкы кемелердин модификациясы тууралуу кененирээк конокторго баяндап берди.

 

Көргөзмө Ю.Гагариндин эстелигине гүл чамбар коюу салтанаты менен аяктады.