И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда авиакомпаниялардын өкүлдөрүнөн алардын ишмердүүлүгү жөнүндө тааныштыруу лекциялары болуп өттү
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда авиакомпаниялардын өкүлдөрүнөн алардын ишмердүүлүгү жөнүндө тааныштыруу лекциялары болуп өттү
  • 05 Мар 2024
  • 625
  • 0

Бүгүн 5-март күнү И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда авиакомпаниялардын өкүлдөрүнөн алардын ишмердүүлүгү жөнүндө тааныштыруу лекциялары болуп өттү.

 

"Аэро Номад Эйрлайнс" коммерциялык кызматынын менеджери Маратбек Стамбеков компаниянын ишмердүүлүгү, учурдагы кырдаалдын мүнөздөмөсү, авиаторлор үчүн жаңы багыттар жана талаптар менен кеңири тааныштырды. Студенттерди учкучтарды, техниктерди даярдоо жана аларды ишке орноштуруу темалары кызыктырды.

 

Ошондой эле, "Аэростан" авиакомпаниясынын кызматкери Айбарчын Кожобекова презентация жана дебат форматында "Кооптуу жүк жана анын классификациясы” жана “Кооптуу жүк. Белгилөө, таңгактоо, иштетүү” лекцияларын өткөрдү.

 

Белгилей кетсек, институтта студенттер үчүн ар кандай деңгээлдеги жана адистиктеги эксперттердин мейман лекциялары жана авиа окуулары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.