И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

“Кыргызстандын аэропортторун өнүктүрүү” тууралуу меймандык лекция
“Кыргызстандын аэропортторун өнүктүрүү” тууралуу меймандык лекция
  • 28 Феб 2024
  • 611
  • 0

Бүгүн 28-февралда, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда студенттер үчүн “Кыргызстандын аэропортторун өнүктүрүү” аталыштагы меймандык лекция болуп өттү.

 

Өлкөнүн аэропортторун модернизациялоо, аба каттамдарын кеңейтүү, авиациялык эмес ишмердүүлүктү өнүктүрүү, ички түзүмдөгү долборлорду ишке ашыруу тууралуу кененирээк бренд-менеджер, маркетолог Назгуль Орозканова баяндап берди.

 

Лекция презентация жана жандуу талкуу форматында өттү. Студенттер лекциянын темасы боюнча гана эмес, Кыргызстандагы ири авиаишкана жана жалпы эле авиация тармагы боюнча да суроолорун беришти.

 

Белгилей кетсек, институтта студенттер үчүн ар кандай деңгээлдеги экспеттерден  меймандык лекциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.