И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Биз КВН баштайбыз!
Биз КВН баштайбыз!
  • 27 Феб 2024
  • 607
  • 0

Бүгүн, 27-февралда, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда студентер арасында шайырлар тапкычтар клубунун оюну болуп өттү.

«Парламент», «Мурас», «Союз» командалары тамаша, күлкү жана бийлери менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Студенттер кеңешинин командасы

оюндун коноктору катары да залды шаңга бөлөштү.

Калыстар тобу жеңүүчүнү тандагандан сырткары, эң күлкүлүү тамаша жана эң мыкты оюнчуну белгилешти. Жеңүүчүлөр “Союз” тобу деп табылды.

Аталган оюн студенттердин жөндөмдүүлүктөрүн, актердук чеберчилигин өстүрүп, креативдүү ой жүгүртүүнү үйрөтөт.