И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИде “Жарандык авиациядагы аудит жүргүзүү технологиясы” аталышында меймандык лекция болуп өттү
КАИде “Жарандык авиациядагы аудит жүргүзүү технологиясы” аталышында меймандык лекция болуп өттү
  • 27 Феб 2024
  • 529
  • 0

Бүгүн, 27-февралда, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык интитутунда “Жарандык авиациядагы аудит жүргүзүү технологиясы” аталыштагы меймандык лекция болуп өттү.

Белгилүү болгондой, жарандык авиацияда  коопсуздук жана сапаттуулук биринчи орунда турат, ошондуктан аудит жана сапаттуулукту көзөмөлдөө чоң мааниге ээ.

Студенттер үчүн кызыктуу жана мазмундуу лекцияны “Sky Kg Airlines” ЖЧКнын сапатты көзөмөлдөө менеджери Зарина Бекмуратова окуду.

 

Белгилей кетсек, институтта студенттери үчүн ар кандай деңгээлдеги адистерден меймандык лекциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.