И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта  Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Эне тил күнүнө арналган иш чара өткөрүлдү
Институтта Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Эне тил күнүнө арналган иш чара өткөрүлдү
  • 21 Феб 2024
  • 681
  • 0

Жыл сайын, 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү белгиленет. Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан бекитилген. Аталган күнгө карата Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда маданиятыбыздын маанилүү тил майрамы болуп өттү.

 

Жылдагыдай эне тил майрамын таланттуу студенттердин катышуусунда уюштурулду. Программада студенттер комуз чертип, эл аралык тилдерде куттуктап, улуттук бийде өнөрүн көрсөттү. “Курманжан датка” романындагы Камчыбектин ”Өлүмгө тике кара” учкул сөзүн постановка түрүндө көрсөтүп өзгөчө катышуучуларды толкундандырды.

Майрамдык иш чаранын коногу, ырчы Кубанычбек Ажыбаев да өз куттуктоолорун арнап репертуарындагы чыгармаларынан ырдап берди.