И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта Жарандык авиациянын Республикалык профсоюздар комитетинин Жаштар кеңешинин кезектеги форуму болуп өттү
Институтта Жарандык авиациянын Республикалык профсоюздар комитетинин Жаштар кеңешинин кезектеги форуму болуп өттү
  • 20 Феб 2024
  • 610
  • 0

19-февралда, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Жарандык авиациянын Республикалык профсоюздар комитетинин Жаштар кеңешинин кезектеги форуму болуп өттү.

 

Аталган форумга “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнун Иссык-Көлдөгү филиалы, “Кыргызгидромет” жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери, активисттери катышышты. Жаштар кеңешинин мүчөлөрү 2022-2023 жылдарда аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Андан сырткары форумдун катышуучулары жаңы составды шайлашып, “Жаштар кеңеши тууралуу” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизишти жана 2024-2027 жылдарга перспективдүү иш планын бекитишти.

 

Өз кезегинде институттун студенттери Жаштар кеңеши алдында өздөрүнүн отчеттук мезгилде аткарган иштери, жетишкендиктери, жаңы демилгелери жана, алдыга койгон максаттары тууралуу кененирээк баяндап беришти. Форумдун катышуучулары студенттердин аткарган иштерине жогорку баа берип, алкыш айтышты.