И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кесипкөй адистер студенттерге кызыктуу лекция өткөрдү
Кесипкөй адистер студенттерге кызыктуу лекция өткөрдү
  • 20 Феб 2024
  • 519
  • 0

Аба кыймылын уюштуруунун Башкы борборунун  аскердик бөлүмүнүн ага штурманы Газыев Бектемир “Аба мейкиндигин падалануу тартиби” темасында лекция өткөрдү. Лектор аба мейкиндигин пайдалануунун мызамдарын жана тартиби жөнүндө толук баяндап берди. Студенттерге аба Мыйзамын колдонуунун бардык аспектилери көрсөтүлдү.

 

Аба кыймылын уюштуруунун Башкы борборунун жарандык секторунун башчысы Майрамбек Сыдыков да "Аба транспортун пайдалануу тартиби" деген темадагы лекцияны кенен жана мазмундуу окуп берди.

 

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын бүткүл тарыхында авиациялык окуялар аз болгон жок, алар жөнүндө аскер секторунун адиси, МУБП-1-22 магистри Мирлан Нарбаев кеңири лекция өткөрдү, лекциянын темасы "1996-2023-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасындагы авиациялык окуялары".

 

Ошондой эле, 21-февралда аба кыймылын тейлөө жана аба мейкиндигин пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу "Кыргызаэронавигация" МИ директорунун орун басары Бакыт Кемелбеков студенттерге кеңири лекция окуду.

 

Брендди актуалдуу жана кызыктуу кылуу, логотипти иштеп чыгуу жана аэропортторду өнүктүрүү жолдорун өздөштүрүү маркетолог, бренд-менеджер Назгүл Орозканова "Ири авиаишкананын брендин модернизациялоо жолдору" лекциясында бөлүштү.

 

Белгилей кетсек, институтта студенттери үчүн ар кандай деңгээлдеги жана адистиктеги эксперттерден меймандык лекциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.