И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

“Ден соолук 2024”: биздин спортчуларга ийгилик!
“Ден соолук 2024”: биздин спортчуларга ийгилик!
  • 15 Феб 2024
  • 768
  • 0

Кыргыз Республикасын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү  жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгына ылайык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлиги тарабынан Бишкекте 12-февралдан 27-февралга чейин “Ден соолук 2024” Спартакиадасы өтүп жатат.

 

Спартакиада билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоону жайылтуу максатында уюштурулду. Программа футзал, волейбол, стритбол, шахмат, стол теннис, ордо жана тогуз коргоол спорттук түрлөрүн камтыды.

 

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун кызматкерлери жана окутуучулары өз кезегинде ар дайым ден соолукту чындоого умтулуп келет жана аталган спортакиадада шахмат, футзал, стол теннис түрлөрүндө активдүү катышууда. Институттун спортчуларына ийгилик каалап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип кеткибиз келет.