И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Учкучсуз учуучу аппаратары боюнча куткаруучуларга сертификаттар тапшырылды
Учкучсуз учуучу аппаратары боюнча куткаруучуларга сертификаттар тапшырылды
  • 15 Феб 2024
  • 666
  • 0

14-февралда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда “Учкучсуз учуучу аппаратарынын С0, С1, С2 операторлорун баштапкы даярдоо” программасы боюнча окуу курсун ийгиликтүү аяктаган, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды.

 

Аталган курс 2024-жылдын 10-январынан 19 январына чейин өткөрүлүп, соңунда куткаруучулар керектүү билим, тажырыйба топтоп, ийгиликтүү экзамен тапшырышты. Салтанаттүү тапшыруу аземинде куткаруучулар окутуучуларга ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташуулар жемиштүү уланаарына ишеним артышты.

 

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаал учурунда жана табигый кырсыктарды болтурбоо чараларында учкучсуз учуучу аппараттар эффективдүү технологиялардын бири болуп саналат.