И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта
Институтта "Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу" темасында лекция өткөрүлдү
  • 09 Феб 2024
  • 664
  • 0

Бүгүн, 9 февралда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда студенттер үчүн “ Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу” темасында лекция болуп өттү. Аталган лекцияны Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы жана “Жол коопсуздугу” Коомдук бирикмеси өткөрүштү. “Жол коопсуздугу” Коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Касманбетова билдиргендей, жыл сайын жол кырсыкта жабыркаган жөө жүргүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Студенттерге атайын даярдалган презентацияда коопсуздуктун баардык эрежелери эскертилди. Өз кезегинде, милициянын капитаны Молдобаева Диляра жолдо жүрүүдө баардык белгилерге көңүл буруп, жол коопсуздугун сактоо эрежелери тууралуу баяндап берди. Уюштуруучулар катышуучулардын арасында викторина өткөрүп, туура жооп берген студенттерге чакан белектерин тапшырышты.