И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын чыгаан ишмери Тлеухор Бошумова 80 жашка толду!
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын чыгаан ишмери Тлеухор Бошумова 80 жашка толду!
  • 25 Янв 2024
  • 1013
  • 0

24-январда жарандык авиациясынын көрүнүктүү ишмери, Кыргызстандын улуттук борттук коштоочуларынын бири, “Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору” наамынын ээси Тлеухор Изембековна Бошумова 80 жашка толду.

 

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жетекчилиги ардактуу кесиптешин 80 жаш мааракеси менен куттуктап, каалоо тилектерди айтты. КАИнин директору Улан Курманов ардагерге Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүсүнө 60 жылдан бери зор салым кошуп келгенин белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди. Ал жакын арада Тлеухор Бошумованын өмур-баянын жана ишмердүүлүгүн чагылдырган китеп чыгарылып салтанаттуу кече өткөрулөру тууралуу пландар бар экенин айтты.

 

Маалымат үчүн: Тлеухор Бошумова 1964-жылы Кыргызстандагы жарандык авиациянын биринчи диктору болгон. Советтик доорунда учакта баратып жүргүнчүлөр үчүн кыргызча маалыматты биринчилерден болуп жарыялап, аты кесиптик чөйрөдө тарыхка калган. Ал асманда 17 жыл өткөруп жалпы учуу топтому 17 000 километрден ашкан. Өмүрүн авиацияга арнап, Бошумова бүгүнкү күндө өз ишин улантууда – ал КАИге кирген авиамузейлерди иштетип жаш муундарды тарбиялоого салымын кошуп келет. Тлеухор Бошумова Бектеновдордун авиациялык династиясынын сыймыгы. Ар жылдары тиешелүү мекеме-ишканалардын жана бир катар Ардак грамоталары менен сыйланган жана «Эмгек ардагери» медалын алган.