И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта Кыргызстандын жаңы туусун көтөрүү аземи болду
Институтта Кыргызстандын жаңы туусун көтөрүү аземи болду
  • 23 Янв 2024
  • 1031
  • 0

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Кыргызстандын жаңы туусун көтөрүү боюнча аземи өттү. Салтанаттуу иш-чара институттун жетекчилигинин, окутуучуларынын жана студенттеринин катышуусунда өттү. Эске сала кеткенде, 2023-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн негизги мамлекеттик символдорунун бирин өркүндөтүү максатында Кыргызстандын туусу жөнүндө мыйзамга кол койгон. Кабыл алынган мыйзам мамлекеттик туудагы күндүн нурларынын формасын толкунча эмес түз көрсөтүлүп алардын саны Кыргызстандын байыркы кырк уруусунун биримдигин билдирет.