И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун студенттери Ленинград блокадасына арналган эскерүү реквиемине катышты
Институттун студенттери Ленинград блокадасына арналган эскерүү реквиемине катышты
  • 19 Янв 2024
  • 1131
  • 0

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Улуу Ата-Мекендик согушунда орун алган Ленинград блокадасын эскерүү реквиемине катышты. Ал иш-чара «Ленинград курчоосунун алдында калган курмандыктарынын кыргыз коому» тарабынан уюштурулган жана шаардын толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган.

 

Эскерүү иш-чарасы генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы мемориалдык эстеликтин алдында шаардыктардын, окуу жайлардын окуучуларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Орусиянын дипломатиялык миссиясынын катышуусунда өттү.

 

Тарыхый маалыматтар: Согуш учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16000 адам, анын ичинен 3500 бала көчүрүлгөн. Кыргызстандан блокадага алынган шаарга көптөгөн аскерлер жөнөтүлүп, 4500 адам каза тапкан. Курчалган шаардын тургундары 872 кун өмур үчүн күрөшкөн.