И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун окутуучулары жана студенттери кайрымдуулук акциясы менен Нижне-Чуй мектеп-интернатында болушту
Институттун окутуучулары жана студенттери кайрымдуулук акциясы менен Нижне-Чуй мектеп-интернатында болушту
  • 21 Дек 2023
  • 1395
  • 0

20-декабрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары жана студенттери Нижне-Чуй мектеп-интернатына жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук акциясы менен барып келишти. Ыктыярчы студенттер интернаттагы балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зоок программасын уюштуруп, институтта өткөн студенттердин кайрымдуулук жарманкесинен чогулган акчага белектерди беришкен. Аталган мектеп-интернатынын жетекчилиги институттун окутуучуларына жана студенттерине ыраазычылык билдирди.