И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Генерал-майор Кубанычбек Орузбаев лекция өттү
Генерал-майор Кубанычбек Орузбаев лекция өттү
  • 11 Дек 2023
  • 1274
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун чоң жыйындар залында авиациянын генерал-майору Кубанычбек Орузбаевдин катышуусу менен чакырма лекция өтүлдү. Жолугушууда ардагер студенттерге авиатармактын өнүгүүсү тууралуу, тактап айтканда, токсонунчу жылдары кандай кыйынчылыктар жана өзгөрүүлөргө туш болгонун, тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгууда кандай окуялар башынан өткөнүн айтып берди. Генерал Орузбаев баяндаманын учурунда үй-бүлөлүк жана кесиптик ишмердүүлүгү тууралуу фотоархивин да көрсөтүп кетти. Эске сала кетсек, КАИде авиаинституттун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын 90 жылдыгына арналган лекция түрмөгү өткөрүлүүдө.