И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

«Манас эпосу – кыргыз маданиятынын эстелиги» семинары өттү
«Манас эпосу – кыргыз маданиятынын эстелиги» семинары өттү
  • 08 Дек 2023
  • 1112
  • 0

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда “Манас” эпосу – кыргыз маданиятынын эстелиги» аттуу илимий-практикалык семинар өттү. Семинарга жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, манасчылар, институттун окутуучулары жана студенттери катышты. Чакырылгандардын арасында маданияттын көрүнүктүү ишмери, «Манас» театрынын манасчысы Асаналы Калил уулу, Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева, химия илимдеринин кандидаты, илимдер, билим берүүнүн мыктысы Салтанат Осмоналиева. Иш-чара өсүп келе жаткан муундардын аң-сезимин тарбиялоо жана руханий жактан өнүктүрүү максатында өткөрүлүдү.