И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

«Айтматов жана анын ааламы» аттуу илимий-теориялык конференция өткөрүлдү
«Айтматов жана анын ааламы» аттуу илимий-теориялык конференция өткөрүлдү
  • 06 Дек 2023
  • 640
  • 0

5-декабрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – доорубуздун улуу жазуучусу” деген темада эл аралык илимий-теориялык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Роза Айтматова, Дарийка Жалгасынова, Айбек Түмөнбаев жана Казакстан Республикасынын Жарандык авиация академиясынын Авиациялык колледжинин өкүлдөрү чакырылган.

 

Роза Айтматова жазуучунун бала кезинен кийинки тагдырына таасир эткен эскерүүлөрү менен бөлүштү. Казакстан Республикасынын Жарандык авиация академиясынын Авиациялык колледжинин директорунун орун басары Кайрат Шонжикенов Айтматовдун чыгармачылыгы жердештеринин дүйнө таанымына гана эмес, башка элдердин да аң-сезимине тийгизген таасирин белгиледи.

 

Институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери залкар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды даярдап, көрсөтүштү. Институттун студенттери тарабынан «Аалам алпы – Айтматов» аттуу театрлаштырылган спектакль даярдалып, көрсөтүлдү.