И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИнин студенттери Сокулуктагы реабилитациялык борборуна барышты
КАИнин студенттери Сокулуктагы реабилитациялык борборуна барышты
  • 05 Дек 2023
  • 709
  • 0

1-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата институттун студенттери Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборуна барышып, аларга белектерин тапшырып, майрамдын урматына атайын даярдалган концерттик программа жана оюндарды тартуулашты. Белектер жыл сайын өтүүчү студенттердин кайрымдуулук жарманкесинде чогулган каражатка сатылып алынган.

 

Реабилитациялык борбордун администрациясы жана педагогикалык жамааты балдарга көрсөткөн колдоосу жана дем-күчтөрү үчүн окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдиришти.

 

Маалымат: Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунда 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар тарбияланышат, аларга туруктуу жана убактылуу социалдык-медициналык, социалдык-педагогикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт.