И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун студенти Кыргызстандагы эң мыкты 100 студенттин катарына кирди
Институттун студенти Кыргызстандагы эң мыкты 100 студенттин катарына кирди
  • 01 Дек 2023
  • 702
  • 0

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ВПо-1-20 окуу группасынын студенти Бактыгүл Алтынбек кызы ушул жылкы Кыргызстандын жүз мыкты студенттеринин тизмесине кирди. “Мыкты студент-2023” республикалык сынак мындан бир нече жыл мурун Кыргызстандын билим берүү коомчулугу тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстан Жаштар Конгресси жана Кыргыз Республикасынын бир катар ЖОЖдору кирген. Тандоо критерийлери окуудагы жетишкендиктер жана коомдук активдүүлүк болгон. Быйыл сынакка катышууга жалпысынан 1535 адам кайрылган.

 

Бактыгүлгө 2-даражадагы диплом жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн өмүр баяны камтылган китеп тапшырылды.