И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Ички иштер министрлигинин өкүлүнун катышуусу менен экстремизмге каршы лекция болуп өттү
Ички иштер министрлигинин өкүлүнун катышуусу менен экстремизмге каршы лекция болуп өттү
  • 29 Ноя 2023
  • 681
  • 0

28-ноябрда Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда “Диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” деген темада лекция өттү. Аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын (ММКК) өкүлдөрү өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө милициянын лейтенанты Эламан Султанов экстремисттик жана террористтик аракеттер жана анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

 

Ал лекция үчүн атайын даярдалган кеңири баяндамада мыйзамсыз деп табылган ишмердүүлүктүн түрлөрүн айтып берип, радикалдуу чаралардын жана идеялардын жактоочуларына каршы күрөшүү жаатындагы негизги укуктук актыларга токтолуп, чон жоопкерчилик тууралуу айткан. Султанов жаштарга бул тууралуу таасирлер социалдык тармактар жактан келатканын баса белгилеп, ар кандай шектүү уюмдарга кошулуудан алыс болууну эскертти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун лекторго бере алышты.