И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун студенттери «Мен – экономист» темасындагы брейн-рингге катышышты
Институттун студенттери «Мен – экономист» темасындагы брейн-рингге катышышты
  • 23 Ноя 2023
  • 673
  • 0

22-ноябрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Европа факультетинде өткөн «Мен экономист» аттуу брейн-рингге катышышты.

 

Айтылуу интеллектуалдык турнир Кыргызстандын сегиз жогорку окуу жайынын курама топтордун ортосунда өткөрүлдү. Брейн-рингдин максаты студенттердин экономика жана каржы тармагындагы билим деңгээлин жогорулатуу жана студенттик коомчулуктун биримдигин чыңдоо деп уюштуруучулар белгилеген.

 

Брейн-рингдин аягында бардык катышуучуларга сертификаттар, дипломдор жана эстелик сыйлыктар тапшырылды.