И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КР Жарандык авиациясынын тарыхы боюнча лекциялар башталды
КР Жарандык авиациясынын тарыхы боюнча лекциялар башталды
  • 23 Ноя 2023
  • 634
  • 0

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы боюнча лекция түрмөгү башталды, аны бул кесипке көптөгөн жылдарды арнап келген адистер жана ардагерлер алып барышат.

 

Алгач ирет 22-ноябрда «Көзгө илинбеген жоокерлер: “Кыргызаэронавигация” – билим берүү, өнүгүү жолдору, жаңылануу» аттуу лекциясы болуп, анда аталган мамлекеттик ишканасынын башкы мүдүрүнүн биринчи орун басары Төрөкелди Өмүров аба кыймылынын диспетчеринин иши тууралуу жана кесиптин өзгөчөлүктөрүн айтып берди.

 

Угуучулар үчүн интерактивдүү лекцияны КР ардактуу авиатору, КАИнин ардагери Ольга Иванкова өткөрдү. Көп жылдык стажы бар окутуучу стюардесса кесибинин оош-кыйыштарын айтып берди, студенттерди кабинадагы экипаждын чыныгы кызматкери кандай болушу керектиги жөнүндө талкууга активдүү катыштырды. Ардагерлердин студенттер менен жолугушуулары эки юбилейге: КАИнин 50 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын 90 жылдыгына арналган.