И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

«Студенттикке арноо – 2023» аземи өткөрүлдү
«Студенттикке арноо – 2023» аземи өткөрүлдү
  • 17 Ноя 2023
  • 825
  • 0

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда 2023-жылдын 16-17-ноябрында дүйнө жүзү боюнча салтка айланган «Студенттикке арноо – 2023» аттуу салтанаттуу аземи өткөрүлдү. Ал иш-чара КАИнин бакалавриат багыттары жана орто кесиптик окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн уюштурулган. Институттун жетекчилиги биринчи курстун окуучуларын студенттердин катарына расмий кириши менен куттуктады.

 

Жогорку курстардын студенттери адаттагыдай жаңы кабыл алынгандарга “билим ачкычын” тапшырып, окууларына ийгилик каалашып, ошондой эле жаркын майрамдык концерт тартуулашты.