И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенти муай-тай боюнча турнирге катышты
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенти муай-тай боюнча турнирге катышты
  • 17 Ноя 2023
  • 717
  • 0

10-ноябрдан 12-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда тай боксу (муай-тай) боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп, ага 1-курстун студенти Алинур Алмасбеков (SL-1-23 окуу тобу) катышты. Турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан спортчулар катышып, бардык жарыяланган салмак жана жаш категориялары боюнча күч сынашты. Кошумчалай кетсек, Алмасбеков декабрь айында Бахрейнде өтө турган ММА боюнча Азия чемпионатына даярданып жатат.