И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү жана студенттери КУУда өткөн илимий көргөзмөгө катышты
Институттун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү жана студенттери КУУда өткөн илимий көргөзмөгө катышты
  • 13 Ноя 2023
  • 874
  • 0

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү жана студенттери Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлгөн илимий көргөзмөсүнө катышты.

 

Көргөзмөгө институттун моделдөө лабораториясында студенттер тарабынан жасалган макеттер, музейдик экспонаттар жана институттун 50 жылдыгына арналган брошюралар жана китептер коюлду. Ага катышкан авиамузейдин жетекчиси Венера Качкимбаеванын айтуусунда учак макеттер менен экспонаттар көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жараткан.

 

Айтылган иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин астында өткөн. Анын алкагында Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары көргөзмөдө илимий-техникалык жетишкендиктери менен тааныштырып, студенттери үчүн симпозиум өткөрүшү шарт экендиги пресс-релизде белгиленген.