И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Студенттер биргелешип кайрымдуулук жармаңкесин уюштурду
Студенттер биргелешип кайрымдуулук жармаңкесин уюштурду
  • 10 Ноя 2023
  • 827
  • 0

Бүгүн Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда студенттердин катышуусунда колго даярдалган улуттук тамак-аштарын жана кондитер азыктарын тартуулаган кайрымдуулук жармаңкеси өттү.

 

Бардык түшкөн каражат калктын аярлуу катмарларына жумшалат. Бул кайрымдуулук иш-чарасы институтта бир нече жылдан бери өткөрүлүп келе жаткандыгы, жакшы салттын башаты болуп калганы айтылып, ага студенттер абдан шыктануу менен кабыл алгандыгы белгиленген.

 

Бул социалдык акциянын негизги максаты – турмуштук оор кырдаалга туш болгон адамдарга жардам берүүгө жаштардын көңүлүн буруу жана алардын аң-сезимин туура багытта өстүрүү.

 

Кайрымдуулук иш-чарасына бул жогорку окуу-жайдын бардык студенттери катышкан, ал эми түшкөн каражатка балдар үйлөрүнө жана балдардын калыбына келтирүү борборлоруна азык-түлүк, биринчи керектелүүчү буюмдар жана дары-дармектер алынып жеткизилет.