И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИде Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата илимий-практикалык конференция өттү
КАИде Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата илимий-практикалык конференция өттү
  • 10 Ноя 2023
  • 790
  • 0

10-ноябрда КАИде Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата «Санариптештирүү шарттарында илимди өнүктүрүүнүн жаңы парадигмасы» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

 

Конференциянын максаты – илимий талкууларга негизделген коммуникациялык аянтчаны, илимди өнүктүрүүнүн жаңы парадигмасын жана азыркы этапта билим берүүнү санариптештирүү.

 

Иш-чараны айтылган окуу жайдын директорунун илим боюнча орун басары Жыргал Исмаилова алып барды. Институттун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Оксана Садовская конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылып, бардыгын Бүткүл дүйнөлүк илим күнү менен куттуктап, ийгиликтүү жана жемиштүү иштердин жүрүшүн каалады.

 

Конференцияга Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышкан. Анын ичинен: Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти Назгүл Акматова, Асылбек Алтымышбаев атындагы Философия институтунун доценти Алтынбек Бабашев, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усонбеков атындагы Кыргыз Республикасынын аскерлер институтунун курсанттары жана студенттер менен магистранттар катышкан.