И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Студент-спортсмендерибиздин жеңиштери
Студент-спортсмендерибиздин жеңиштери
  • 23 Окт 2023
  • 4249
  • 0

Өткөн дем алыш күндөрү биздин институттун өкүлдөрү ар кандай мелдештерде спорттук жеңиштерге ээ болушту.      

 

Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында Бишкек шаарындагы Карагач токоюнда мектеп окуучулары менен ЖОЖ жана колледж студенттеринин арасында күзгү жеңил атлетика кроссу болуп өткөн. Кросско 600 дөн ашык спортчу катышып, алардын ичинен Арууке Кушчубекова кыздар арасындагы жеке таймашта 3:48.2 көрсөткүч менен 1-орунду ээледи.               

 

Ошондой эле,  20-23-октябрда Ош шаарында джиу-джитсу боюнча Эл аралык «Alay open» турнири өтүп, анын жеңүүчүсү студент Айтбек Аруунов өз категориясында 1-орунга ээ болгон.    

 

Институттун жамааты, спорттук жетишүүлөргө ээ болгон студенттерди чын жүрөктөн куттуктап, аларга мындан аркы албан ийгиликтерди каалайт!