И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИнин 50 жылдык мааракеси
КАИнин 50 жылдык мааракеси
  • 09 Окт 2023
  • 1917
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрында Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 50 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтүп ага байланыштуу бир нече иш-чара өткөрүлдү.

 

5-октябрда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 50 жылдыгына карата «Кыргызстандын жарандык авиациясы: ааламдашуу доорундагы перспективалар жана чакырыктар» деген темада студенттердин жана жаш окумуштуулардын эл аралык илимий-практикалык конференциясы ишке ашырылды.

 

Пленардык отурумда тематика боюнча докладдар менен төмөндөгүлөр чыгышты:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов;
  • Мамлекеттер аралык авиация комитетинин төрагасы Олег Сторчевой;
  • И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун директору Улан Курманов;                
  • ИКАОнун Москва аймактык авиациялык коопсуздук боюнча окуу борборунун директору Олег Лаврентьев;
  • Эл аралык транспорт академиясынын президенти Виктор Досенко;
  • «Манас Эл аралык аэропорту» ААКнын Учуулардын коопсуздугу жана сапатын көзөмөлдөө инспекциясынын башчысы Бахтияр Турсунбаев;
  • Казакстан Республикасынын Жарандык авиация академиясынын кафедра башчысы Алмас Битенов;   
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин транспорт жана робототехника институтунун директору, техника илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Маткеримов менен биргеликте институттун окутуучулары жана магистранттары;
  • Авиацияны башкаруу координатору Dr. Женгиз Месут Букеч;
  • «Авиа Траффик Компани» ЖЧКсынын авиациялык коопсуздук боюнча менеджери Шухрат Рустамов;
  • Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин доценти Илхомжон Сайдумаров;
  • И.Раззакова атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин доценти Мухтар уулу Кубатбек, ошондой эле институттун окутуучулары жана магистранттары катышышты.  

 

Конференциянын жыйынтыгында тиешелүү резолюция кабыл алынды.

 

 

 

6-октябрда институттун салтанаттуу мааракесинин урматына чоң жыйындар залында салтанаттуу чогулуш өтүп, ал жакта институттун окутуучулары жана кызматкерлери мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктар менен сыйланышты. 

 

Иш-чаранын программасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Мамлекеттик жарандык коргоо органдарынын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчиси, Мамлекеттер аралык авиация комитетинин төрагасы, Кыргызстандын авиациялык ишканаларынын жетекчилери, ардагерлер жана институттун бүтүрүүчүлөрү катышып, куттуктоо сөздөрү айтылды.

 

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жамааты жогоруда айтылган конференциянын жана салтанаттуу чогулуштун бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдирет.