И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин директору, профессор Ж.Бакашова
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин директору, профессор Ж.Бакашова "Музейдеги түн 2023" акциясын өткөрүүдө кошкон салымы үчүн институтка ыраазычылык кат жөнөттү
  • 01 Июн 2023
  • 3176
  • 0

 

18-майда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде "Музейдеги түн 2023" иш чарасы өткөрүлдү.

 

Бул күндө музейлер меймандарга эшигин ачып, музейдеги экспонаттар менен бекер таанышууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле концерттик программалар жана мастер класстар өткөрүлөт. Бул иш чара Кыргызстанда алгачкы жолу 2012–жылы өткөрүлүп, андан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

 

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери жана окутуучулары да бул иш-чарага активдүү катышышты.

 

Институттун "Космонавтика жана ракета куруу", "Авиамоделизм" лабораторияларынын жетекчилери студенттер менен бирге авиамодель түрүндөгү статикалык экспонаттарды, тик учакты башкаруунун баштапкы тренингинин калыбына келтирилген симуляторун да көрсөтүштү. Экспонаттардын өзгөчөлүгү иш-чаранын катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.

 

 

 

Директор Государственного исторического музея Кыргызской Республики, профессор Ж.Бакашова направила благодарность институту, за вклад в проведении акции «Ночь в музее 2023».

 

 

18-мая в Государственном историческом музее Кыргызской Республики прошло мероприятие «Ночь в музее 2023».

 

В этот день музеи открывают свои двери для гостей и предоставляют возможность полюбоваться музейными экспонатами абсолютно бесплатно, проходят концертные программы и мастер классы. Впервые в Кыргызстане это мероприятие провели в 2012 году и с тех пор оно проводится ежегодно.

 

Студенты и преподаватели Кыргызского авиационного института им. И. Абдраимова не остались в стороне, и приняли участие на данном мероприятии.

 

Руководители лабораторий «Космонавтики и ракетостроения», «Авиамоделизма» института вместе со студентами представили как статические экспонаты в виде авиамоделей, так и восстановленный тренажер первоначального обучения управления вертолетом. Оригинальность экспонатов вызвала огромный интерес у посетителей мероприятия.