И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

ЖА ФАТУ биринчи бүтүрүүчүлөрдөн I класстагы авиатехник Виталий Скрынский
ЖА ФАТУ биринчи бүтүрүүчүлөрдөн I класстагы авиатехник Виталий Скрынский
  • 17 Янв 2022
  • 4150
  • 0

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун 50-жылдыгына карата ЖА ФАТУ, ЖА БАТУ, КАК, КАИ бүтүрүүчүлөрүбүздүн баяндамаларын жарыялап баштадык.

 

14-январда Жарандык авиациянын Фрунзе авиациялык техникалык училищесинин бүтүрүүчүсүнөн кат алдык (орус тилинен которулду):

 

Мен, - Скрынский Виталий Васильевич, ЖА ФАТУ -ну 1976-жылы бүтүрдүм.

 

Ишмердүүлүгүмдү Алма-Ата аэропортунда авитехник кызматында баштадым. Як40, Ту154, Ту134, Ил76 учактарын үйрөнүп билип өздөштүрдүм. I класстагы авиатехник болдум.

 

Кийин «Атырау Ауе жолы» жана «Эйр Казахстан» Казакстан авиакомпанияларында иштедим.

 

2004-жылы «AIR Astana» авиакомпаниясында Boeing 757, 767 учактарынын инженери кызматында иштей баштадым, андан соң компаниянын учактарынын интерьерлерин тейлөө боюнча бөлүмдүн жетекчиси болдум.

 

Училищеде өткөргөн убакытты жылуулук сезим менен эстейм.

 

Алматыда дос-бүтүрүүчүлөрдүн чөйрөбүз бар. Булар Котлевский Игорь, Безгин Александр, Андреев Сергей. Биз үй-бүлөлөрүбүз менен катышып, тез-тез кездешип турабыз. Көптөгөн чогуу окуган жолдошторубуз менен кат жазышып кээде жолугушуу уюштурабыз.

 

Бардык ЖА ФАТУ бүтүрүүчүлөрүнө өркүндөп-өрчүүнү жана ден соолук каалайм!"

 

КАИнин 50-жылдыгына карата ►