И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Музейди жаңылоону колдоого чакырабыз
Музейди жаңылоону колдоого чакырабыз
  • 15 Янв 2022
  • 3505
  • 0
Урматтуу Кыргызстан авиациясынын ардагерлери, ЖА ФАТУ бүтүрүүчүлөрү!
 
 
И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту Жарандык авиациянын Фрунзе авиациялык техникалык училищесинен 50 жыл мурун түптөлүшүнүн мааракесине даярдануу иретинде окуу жайыбызда жайгашкан Кыргызстандын жарандык авиациянын музейинин фондун жаңылоону пландап жатат.
 
Авиациянын өнүгүүсү, ЖА ФАТУ тарыхы, ошондой эле, документтер, сүрөттөр, авиаторлордун жеке буюмдарын экспонат катары музейдин коллекциясын толуктоого колдоо көрсөтө алсаңыз, абдан ыраазы болобуз!
Кыргыз авиациялык музейин колдоо - бул аваторлордун муундар аралык байланышын бекемдөө, кесиптеги жол улантуучулук, жаштарды тарбиялоо, келечекке кайрылуу, авиациянын тарыхындагы чыгаан ишмерлери жана окуялары тууралуу эсте сактоого салымыңыз болот.  
 
 
Маалымат алуу үчүн телефон номери: +996 (312) 41-80-38.
Дарек: Кыргыз Республикасы, 720009, Бишкек ш., М. Лущихин к., 60.