И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Коррупцияга каршы саясаттын стратегиясы коомдук талкууга сунушталды
Коррупцияга каршы саясаттын стратегиясы коомдук талкууга сунушталды
  • 15 Янв 2022
  • 6273
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы саясаттын стратегиясынын долбоорун коомдук талкууга сунуштады.

 

Сунуш кылынган Коррупцияга каршы саясаттын стратегиясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы Резолюциясы менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын концепциясынын жоболорун аткаруу максатында иштелип чыккан.

 

Коррупцияга каршы стратегиянын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жайгаштырылган.

 

Стратегиянын долбоору боюнча сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди adskyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.

 

Маалымат булагы: http://www.president.kg/ru/apparat_prezidenta/sovety_pri_prezidente/antikorrupcionnyy_delovoy_sovet