И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

“TEZ JET” авиакомпаниясынын учуулар боюнча директору Ильгиз Аскаровдун мейман лекциясы
“TEZ JET” авиакомпаниясынын учуулар боюнча директору Ильгиз Аскаровдун мейман лекциясы
  • 24 Дек 2021
  • 4657
  • 0

2021-жылдын 22-декабрында “TEZ JET” авиакомпаниясынын учуулар боюнча директору Ильгиз Назарбекович Аскаровдун Жарандык авиация факультетинин жана орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттерине мейман лекциясы уюштурулду.

 

Лектор учурда Кыргызстанда авиация өнүгүп, айрыкча жүк ташуу рейстердин көбөйүп, учкучтарды ишке алуу мүмкүнчүлүктөр ачылып, авикомпаниялардын талаптары тууралуу баяндап берди. Аскаров И. Н. учкучтарга англис тилин билүү зарыл экенин баса белгилеп, мисал катары, умтулган адам башталгыч деңгээлден бир жыл ичинде тилди үйрөнүп кеткенин айтып берди. Анын айтымында, бул кесипти аркалагандар ар дайым окуп-үйрөнүп, өңүгүп жана өркүндөө үчүн аракет керек.

 

Студенттер учкучтардын пандемиядан кийин ишке орношуу, аба кемелеринин жаңы типтерине кайра окутуу үчүн авиакомпания тарабынан төлөп берүү мүмкүнчүлүктөрү, англис тилин билүү боюнча талап кылынгын деңгээл жана кесиптик лексикасынын өзгөчөлүгү тууралуу суроолорду узатышты.

 

Ильгиз АскаровКыргыз авиациялык колледжинин бүтүрүүчүсү. Ал учактардын 4 түрүн өздөштүрүп алаган, Bae 146/200 – AVRO RJ85, Boeing MD 80/88, Boing 747-200 аба кемелеринин АКК нускоочусу.