И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Санкт-Петербург – Бишкек лекциясы: авиациялык байкоо системалары бүгүн жана эртең
Санкт-Петербург – Бишкек лекциясы: авиациялык байкоо системалары бүгүн жана эртең
  • 17 Дек 2021
  • 4472
  • 0

2021-жылдын 15-декабрында Кыргыз авиациялык институтунун студенттери үчүн техника илимдеринин доктору, "Радиоаппаратура боюнча бүткүл Россиялык илимий-изилдөө институту" акционердик коомунун аба кыймылын уюштуруу боюнча илимий-техникалык борборунун башкы конструктору Плясовских Александр Петрович "Заманбап жана келечектүү авиациялык байкоо системалары" темасында мейман лекция окуду.

 

Санкт-Петербургдан видеоконференция байланыш аркылуу лектор диспетчердердин иши үчүн колдонулган жана иштелип жаткан комплекстер, ошондой эле радиолокатор жана тренажёрлор тууралуу сөз кылды.

 

Александ Петровичтин мейман лекциясы - "Учкучсуз авиациялык системаларды жарандык дайындоо тармагында коопсуз колдонуу. Окутуу курамын даярдоо жана укуктук маселелер" темасындагы II эл аралык илимий-практикалык конференциясы башаты болгон академиялык кызматташтыкты бекемдөөнүн натыйжасы. Конференцияда Плясовских А. П. "Учкучсуз авиациялык системалардын бирдиктүү аба мейкиндигинде учкан учурунда  аба кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөнү автоматташтыруу" темасында баяндама тартуулаган.