Кыргыз авиациялык институту учкучсуз авиациялык системалар боюнча иш-чараларды пландоого катышат
- 17 Дек 2021
- 4698
- 0
Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин 30-жылдыгына утурлай 2021-жылдын 10-11-ноябрында Бишкекте И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда "Учкучсуз авиациялык ситемаларды жарандык дайындоо тармагында коопсуз колдонуу. Окутуу курамын даярдоо жана укуктук маселелер" темасында II эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн.
Конференциянын ишинин жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Резолюцияга И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту учкучсуз авиациялык системалар боюнча иш-чараларды пландоого катышы тууралуу сунуш киргизилген. Мамлекеттер аралык авиациялык комитети менен мындай бирге аракеттешүү адистерди даярдоону жакшыртууга өбөлгө түзөт.