И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз авиациялык институту эл аралык авиациялык жамаатынын биргелешүүсүн колдойт
Кыргыз авиациялык институту эл аралык авиациялык жамаатынын биргелешүүсүн колдойт
  • 16 Дек 2021
  • 4194
  • 0

2021-жылдын 8-12 декабрында Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин 30 жылдыгына карата МАКтын Аэронавигация боюнча айкаштыруу комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. Отурумга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү чогулушту. Маарекелик отурумга Кыргыз авиациялык институтунун директору Курманов У. Э. Кыргызстандын өкүлдөр тобунун курамында катышты.

 

15-декабрда МАКтын 30-жылдыгын белгилөө иретинде уюштурулган жаңычыл өнүгүү боюнча "Келечекке авиациялык дүйнө менен бирге" темасында конференцияга институттун директору Улан Эсембекович катышты, ал эми 16-декабрга мамлекеттер аралык Кеңештин отуруму пландалган.

 

 

Маалымат үчүн:

Мамлекеттер аралык авиациялык комитет - авиация жана КМШнын аба мейкиндигин пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык Кеңештин аткаруучу органы. 1991-жылдын декабрында Жарандык авиация жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча Келишимге 12 көз карандысыз мамлекеттин башчылары жана өкмөт жетекчилери кол коюшкан. Эл аралык авиациялык комитетинин ишмердүүлүгү КМШнын биргелешүү жараяндарын тереңдетүүгө жана эл аралык авиациялык жамаатына КМШ өлкөлөрүнүн жарандык авиациясын шайкештөөгө өбөлгө түзүүдө.