И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Студенттер үчүн улуттук адабиятка арналган конференция өткөрүлдү
Студенттер үчүн улуттук адабиятка арналган конференция өткөрүлдү
  • 15 Дек 2021
  • 3935
  • 0

2021-жылдын 15-декабрында Кыргыз авиациялык институтунда Улуттук адабият күнүнө арналган конференция өткөрүлдү.

 

Конференцияга журналист, адабиятчы Памирбек Казыбаев жана акын, "Кыргыз тили" коомунун жетекчиси, "Тил жана маданият" гезитинин башкы редактору Раимжан Курбанов чыкырылган. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп белгиленип, меймандар улуу акын жана жазуучунун өмүр баяны жана маданияттагы өзгөчө орду тууралуу сөз кылышты.

 

Памирбек Шоморович, иниси Назарбек биздин окуу жайыбыздын, мурун Жарандык авиациянын Фрунзе авиациялык-техникалык училищеси болгон кезинде бүтүргөн деп кеп баштады. Алыкул Осмоновдун учак жана учкуч, Советтер Союзунун Баатыры Покрышкин А. И. жөнүндө ырларына студенттерге айтып, акындын ырлары жакын арада венгр тилине которулуп жатканын кабарлады. Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынын изилдөөчүсү жана музейинин жетекчиси катары Памирбек Казыбаев жаштарды акындын Бишкектеги үй-музейине чыкырды. П. Ш. Казыбаев  Ч. Айтматовдун чыгырмаларын кыргыз тилине которгон Ашым Жакыпбеков өзүнүн "Теңири Манас" романын орус тилине которууну Чыңгыз Төрөкуловичке сунуштаганы тууралуу айтып берди.

 

Раимжан Рахманович 6-класста дубал гезитине учак көрбөгөн балдарга аэропорттун жанында жашаганы тууралуу жазган ыр саптарынан сөзүн баштады. Институттун бүтүрүчүүлөрү дүйнөнүн ар кайсы жактарына учуп кетээрин эске алып, Курбанов Р. Р. көптөгөн өлкөлөрдө Айтматовдун чыгармачылыгына чоң сый көрсөтөөрүн белгиледи. Мисалы, ал "Джамиля" повестинен соңку үзүндүсүн жатка көркөм окуп бергени менен француздарды тан калтырган, алар 5-10 минута бою кол чабышты. Ошол адабий жолугушууга катышкан 600дөй француз кыргыздардын баары Айтматовдун чыгармаларын жатка билишет деген ойдо калышкан. Курбанов Р. Р. студенттерди "Манас" дастанын, Ч. Айтматов, А. Осмоновдун чыгармаларын билүүсү керек деп, жаштар үчүн сүйүү, студенттик кез жана кыргыз тили жөнүндө ырларды окуп берди.

 

Педагогикалык илимдеринин доктору Сыдыкбаева М. М. Ч. Айтматов боюнча кандидаттык диссертациялык изилдөө даярдаганын айтып, Чыңгыз Төрөкулович "Кассандра тамгасына" өзгөчө маани берген деп, жазуучу чыгармачылыгын ушул романына чейинки жана кийнки деп эсептеги тууралуу маалымдады. Мира Медеркуловна, жаштар көбөйтүү жадыбалын эстеп калгандай, адабий чыгармаларды да ошондой билип жүргөнү оң деп айтты.

 

Студенттер ыр окуп, ырдап жана Толгонай менен Курманжандын монологдорунун көркөм окуу видеосун тартуулашты.

 

Окуу иштери боюнча директордун орун басары Садовская О. А. сыйлуу меймандарга жана студенттерге Ыраазычылык каттарын тапшырды жана ушундай иш-чара жаштар келечектин ээси болуу үчүн мурункуну эскерип жүргөнүнө керек деп белгиледи. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Эмчиева А. М. институттун директору Курманов У. Э. жаштардын руханий өнүгүүсүнө чоң маани берет деп, пандемияга чейин студенттер А. Осмоновдун Каптал-Арык айылындагы музейине тез-тез барып турушчу деп айтты.