И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун технологиялык базасы жаңыланды
Институттун технологиялык базасы жаңыланды
  • 15 Дек 2021
  • 3898
  • 0

Институттун билим берүү, илимий изилдөө жана башкаруу ишмердүүлүгүнүн санариптик кубулгусу концепциясын ишке ашыруу максатында 2021-жылдын декабрында жаңы сервер жабдуулары орнотулду.

 

Институттун ички маалымат тармагынын "өзөгүн" жаңылоосу менен билдирүүлөрдү иштетүү жана жөнөтүү жараяндары тездетилип, чоң көлөмдүү берилмелерди жүктөө жана аларды сактоо камсыздалат. Жабдууларды тендерди утуп алган россиялык компания жеткирип орнотуп берди.

 

Дүйнө жүзүндөгү санариптештирүү агымына ылайык, биздин жогорку окуу жайыбызда квалификацияны жогорулатуу курстарында окуп жаткан авиация адистери республиканын алыскы аймактарында же башка өлкөлөрдөгү аэропорттогу өндүрүш ишинде жүрүп аралыктан тестирлөөгө катыша алышат.

 

Институттун технологиялык базасын жаңылоо алкагында заманбап компьютерлер менен жабдылган дагы бир дарскана ачылды.