И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө студенттерге лекция окулду
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө студенттерге лекция окулду
  • 10 Дек 2021
  • 4806
  • 0

Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата 2021-жылдын 8-декабрында И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун студенттерине Кыргыз Республикасынын транспорт прокуронунун улук жардамчысы Ислам Садыкович Садыков коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө лекция окуп берди.

 

Лектор 2005-жылы Кыргыз Республикасы кабыл алган Коррупцияга каршы БУУнун конвенциясы, коррупция, коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузуулардын субъекттери, коррупцияга каршы аракеттенүүнун уюштуруу негиздери жана органдары тууралуу аныктамалар, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар" 42-главасы жөнүндө кеңири баяндап берди.

 

Лекциядан кийин Садыков И. С. коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат такталарын, студенттердин институттун директоруна билдирүү жөнөтүү үчүн кат кутучасын, коррупция менен күрөшүү тууралуу дубал гезиттер конкурсуна катыша турган студенттердин чыгармачыл иштерин көрдү.