И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Учкучсуз учуучу аппараттар боюнча адистин мейман лекциясы
Учкучсуз учуучу аппараттар боюнча адистин мейман лекциясы
  • 08 Дек 2021
  • 3886
  • 0

2021-жылдын 8-декабрында “Radio Control” клубунун жетекчиси Сергей Георгиевич Баимов учкучсуз учуучу аппараттар тууралуу мейман лекция окуду.

 

Баимов С. Г.  учкучсуз учуучу аппаратардын колдонуу тармактары, функциялары, классификациясы жана учуу шарттамы, интерфейсинин иштеми жана авиасимулятордун артыкчылыктары тууралуу баяндап берди. Лекцияда студенттер дрондордун түрлөрун, жүргүзүү жана турукташтыруу аспаптарын колго алып көрүштү.

 

Учкучсуз авиациялык системаларды оңдоо жана баптоо боюнча усталык тажрыйбасынын негизинде Сергей Георгиевич окуучуларга өздөрүнүн моделдерин кураштыруу үчүн бөлүкчөлөрдү тандоо, салмак менен учуу узактыгын төп келтирүү үчүн жөндүүлүктү эске алуу тууралуу кеңештери менен бөлүштү.

 

Дүйнөлүк практика жөнүндө сөз кылып, Сергей Георгиевич студенттерге учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгуу жана баптоо боюнча адисттик 50 эң көп керектелүүчү кесиптердин бири экени тууралуу айтты.