И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Сибирь Федералдык Университети менен кызматташуу өнүгүүдө: абитуриенттерди кабыл алуудан баштап окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чейин
Сибирь Федералдык Университети менен кызматташуу өнүгүүдө: абитуриенттерди кабыл алуудан баштап окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чейин
  • 07 Дек 2021
  • 4802
  • 0

2021-жылдын 6-декабрында Сибирь Федералдык Университетинин окутуу иштери боюнча проектор Денис Сергеевич Гуц, жогорку окуу жайга даярдануу менен жаңы кабыл алуу департаментинин жетекчиси Андрей Владимирович Лученков, кесиптик багыт берүү иши боюнча Кыргызстандагы директору Жыргалбек Абдыбекович Усупбаев И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтуна иш зыяраты менен келишти.

 

Денис Сергеевич жогорку окуу жайлардын кызматташуусу бекемделип, жаңы багыттары боюнча иштөө тууралуу айтып, институттун директору Улан Эсембекович Курмановго Алкыш катын тапшырды. Андрей Владимирович институттун бүтүрүүчүлөрүнө СФУнун магистратурасынын болгон багыттарын гана тандабастан, Кыргыз авиациялык институтунун сунушу менен атайын программаларын түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле сапар фестивалдарды уюштурууну сунуштады.

 

Жолугушуу учурунда окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, студенттердин алмашуу программаларын, аралыктан курс жана тестирлөө уюштуруу пландар каралды.