Студенттерди окутуу үчүн реактивдүү учактын кабинасы жеткирилди
- 07 Дек 2021
- 4628
- 0
И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун 2019-2023 жылдарга Өнүгүү программасына ылайык жана «Авиа Траффик Компани» менен «TEZ JET» компаниялары менен макулдашуулар боюнча институтка BAe 146-200 учагынын кабинасы окутуу колдонмо катары акысыз түрдө берилди.
Институттун кызматкерлери, Осмоналиев А.Т., Абдраманов А. К. жана Жороев М. Э. жетикчили менен, 2-декабрда кабина "Манас" аэропортунан окутуу полигогнуна жеткирилди.
Кыргыз авиациялык институтунун жетекчилиги «Авиа Траффик Компани» жана «TEZ JET» компанияларына жогорку окуу жайдын аба кемелер паркын толуктоодо өбөлгөсү үчүн ыраазычылыгын билдирет.