И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

4-декабрь - «Манас» эпосунун күнү
4-декабрь - «Манас» эпосунун күнү
  • 04 Дек 2021
  • 11918
  • 0

Манас таануучу Муңдук Мамыров «Манас» эпосу б.з.ч. I-миң жылдыкта жаралган деп эсептейт.

 

XVI-кылым - «Манас» эпосу жөнүндө алгачкы маалымат «Маджму ат-Таварих» аттуу жыйнакта учурайт.

 

1856-ж. - «Манас» эпосунун үзүндүсүн биринчи жолу кагазга Чокан Валиханов түшүргөн. Казак илимпоз Ч. Валиханов «Манас» эпосу жөнүндө дүйнөгө маалымат берген  биринчи окумуштуу болуп эсептелет.

 

1899-ж. - «Манастан» үзүндү Казанда кыргызча чыккан.

 

1903-ж. - фонографка эң биринчи үнүн жаздырган манасчы Кенжекара болгон.

 

1925-ж. - «Манасты» окуу программасына киргизүү жөнүндө Касым Тыныстанов Борбордук Комитетке кат менен кайрылган.

 

1941-ж. - манас изилдөөчү Ыбырайым Абдрахмановдун «Манастын кайсы кылымдарда болгону тууралуу» деген макаласы «Советтик адабият жана искусство» журналынын № 3 санына чыгарылган, кыргыз фольклористикасындагы «Манас» эпосун изилдөө боюнча алгачкы макала.

 

1941-ж. - «Манасты» орусчага которуу боюнча СССРде өткөрүлгөн атайын конкурстун жеңүүчүсү орус акыны жана жазуучусу Семен Липкин болгон.

 

1952-ж. - «Манас» эпосуна арналган алгачкы илимий конференция өткөрүлгөн.

 

1962-ж. - «Манас» эпосу боюнча алгачкы илимий эмгек – биринчи кандидаттык диссертацияны манас изилдөөчү Самар Мусаев коргогон.

 

1974-ж. - «Манас» аэропорту пайдаланууга берилген.

 

1995-ж. - БУУ Манас жылы деп жарыялаган.

***

 

Варианты көп жана эң көлөмдүү чыгарма - «Манас» эпосу. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында сакталып турган 70дей варианты бар.

 

Эң көп библиографиясы бар чыгарма да «Манас». Бул эпоско арналган илимий, көркөм ж.б. эмгектер 3 миңден ашат.

 

Дүйнөлүк тажрыйбада биринчи болуп эпос боюнча түзүлгөн  биринчи энциклопедия – эки томдук «Манас» энциклопедиясы.

 

Эң көп жер­-суу аттары жолуккан чыгарма - «Манас». Мында 500дөн ашык географиялык аталыш бар.

 

Сагымбай Орозбаковдон «Манасты» Ыбырайым Абдрахманов 1922-1926 ж­ж. жазып алганы эле 180378 сап ырды түзсө, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча жарык көргөн «Манас» 500553 ыр сабынан туруп, «Илиада» менен «Одиссеядан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2,5 эсе көптүк кылат.

 

С. Каралаевден эң алгач «Манасты» Белек Солтоноев жазган. С. Каралаевдин өз оозунан «Манасты» кара сөз менен жазган кыргыз адабиятчысы Касымкул Нанаев болгон экен.

 

Эң узун радиотасма 1960-­ж. жазылган. Ошол жылы режиссер Турсун Уралиев үч ай бою манасчы С. Каралаевден «Манас» эпосун 45 миң метр радиотасмага жазып алган.

 

Кыргызча эң чоң китеп – манасчы Жусуп Мамайдын «Манасы». Салмагы 6 кг.

 

«Манасты» чет тилге эң биринчи Василий Радлов которгон.

 

«Манас» эпосуна биринчи иллюстрация тарткан саякатчы Борис Смирнов.

 

«Манас» эпосунун мазмунун кара сөз түрүндө жазып, китеп кылып чыгарган биринчи калемгер, адабиятчы-окумуштуу С. Мусаев болсо, көркөм чыгарма түрүнө келтирип жазуучу Кеңеш Жусупов аны кара сөз менен балдарга ылайыктап жазган, жазуучу Ашым Жакыпбеков романга айландырган.

 

Казак жазуучусу, илимпоз Муктар Ауэзовдун «Манас» эпосун изилдөөгө арналган эмгектери бүткүл союздук илимпоздордун чөйрөсүнө жаңылык киргизген.

 

Кыргыз драма театрынын тарыхында Манастын ролун эң биринчи аткарган Күнболот Досумбаев.

 

Кыргыз киночуларынан биринчи болуп «Манас» темасына кино тарткан Мелис Убукеев.

***

 

Эл оозунда байыртадан алп адамдар болгондугу жөнүндө айтылып келет. Манас, Кошой, Семетей, Сейтек алп адамдар катары сүрөттөлөт.

 

Кыргыз тарыхындагы эң күлүк ат – Тайтору. Манасчылардын айтымында аны 60 асыйында Каныкей төлгө кылып чапканда бир нече күндүк жолдон, 643 аттын ичинен  биринчи чыгып келген.

 

Шилтеме: http://literatura.kg/articles/?aid=605

***

 

2021- жылдын 4-декабрында саат 11:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы” аталышындагы иш- чара өтөт. Кирүү акысыз.