И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Учууларды уюштуруунун заманбап тенденциялары тууралуу конференцияда Кыргызстанда авиация адистерин даярдоо тууралуу доклад тартууланды
Учууларды уюштуруунун заманбап тенденциялары тууралуу конференцияда Кыргызстанда авиация адистерин даярдоо тууралуу доклад тартууланды
  • 03 Дек 2021
  • 4334
  • 0

2021-жылдын 1-декабрында "Россия Федерациясында аба кыймылын уюштуруу боюнча мамлекеттик корпорация" федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы менен "Аэронавигация институту" кошумча кесиптик билим боюнча коммерциялык эмес билим берүүчү уюм "Аба мейкиндигин пайдалануунун заманбап тенденциялары жана учууларды камсыздоонун келечектүү системалары" темасында III илимий-практикалык конференцияны өткөрүштү.

 

Программага учууларды камсыздоонун жаңычыл технологиялары, 4-D тарткан жолу, байланыш тузагы, санариптик текшерүү-диспетчердик түйүндөрү сыяктуу, авиация адистерин даярдоонун методикасы, анын ичинде, когнициялык үлгүлөө, чарчоо тобокелдиктерин тескөө, ошондой эле аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуу тууралуу баяндамалар киргизилген.

 

Конференцияда И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун директору, техникалык илимдеринин кандидаты, доцент Улан Эсембекович Курманов "Кыргызстанда авиациялык персоналды окутуунун негизги багыттары" темасында баяндамасын тартуулады.

 

Илимий-пратикалык иш-чарага IATA, ICAO, Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин, Россия Федерациясынын аба кыймылын башкаруу уюмдарынын, жогорку окуу жайларынын, Германия жана Россиянын компанияларынын өкүлдөрү катышышты.